Бүгүн, 3-апрелде Жогорку Кеңештин кезектеги жыйынында депутат Балбак Түлөбаев министрлерди сынга алды. Эл өкүлү аткаминерлерге сын айтcа жаман көрүп, интрига кылбай, иштей албаса ордун бошотушу керектигин билдирди.
Ошондой эле ал Кыргыз Республикасында эки гана институт белгилүү мөөнөткө кол тийбес экенин айтып өттү.
"Кээ бир министрлер чын тийбес болуп алышыптыр. Кыргыз Республикасында эки гана институт белгилүү мөөнөткө кол тийбес, ал президент менен депутат. Министрлер ыйык эмес. Депутаттар айтып койсок сотко берип, биз менен иштешесиңерби же сотко берип жүрө бересиңерби?. Биз бир кемедебиз, эртең чөксөк чогуу чөгөбүз. Чөкпөш үчүн азыртадан кээ бир министрлерди тепкилеп иштетишибиз керек. Кеме чөкпөш керек, алдыга кетиш керек, жакшы баратабыз. Бирок кээ бир министрлер интрига кылып артка тартып жатат", - деди эл өкүлү.
Ошондой эле Түлөбаев депутат Жусупбек Коргонбай уулу айткан сөздөргө тиешелүү органдар реакция кылышы керектигин кошумчалады.
"Жусупбек Коргонбай уулу айткан маалыматтарга коопсуздук органдары реакция кылышы керек. Бул жөнөкөй айтылган сөз эмес, мунун артында Жогорку соттун төрагасынын, судьялардын аты-жөнү айтылып жатат", - деп айтты Түлөбаев.
Белгилей кетсек, буга чейин Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Жогорку Кеңештин депутаты Жусупбек Коргонбай уулун сотко бергени айтылган.
Анын бул кадамга баруусуна Коргонбай уулу ар-намысына жана кадыр-баркына шек келтиргени себеп болгонун айткан эле.