"Сурабалдиева, Ташиев...". Он бир депутат ЖККУ ПАнын медалы менен сыйланды (сүрөт)

Бүгүн, 3-апрелде Жогорку Кеңештин он бир депутаты Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун Парламенттик ассамблеясынын "ЖККУда парламенттик кызматташтыкты чыңдоо үчүн" медалы менен сыйланышты.

Ошондой эле уюмда жигердүү ишмердүүлүгү жана парламенттер аралык кызматташтыкты өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн эл өкүлдөрүнө ЖККУ ПАнын Ардак грамотасы тапшырылды.

Алар:

Эльвира Сурабалдиева;

Шайырбек Ташиев;

Мирлан Самыйкожо;

Гуля Кожокулова;

Балбак Түлөбаев;

Кундузбек Сулайманов;

Гүлшаркан Култаева;

Нурбек Сыдыгалиев;

Лейла Лурова;

Азамат Исираилов;

Айбек Алтынбеков.

Сыйлыктарды Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин төрагасы Улан Примов тапшырды. Комитет төрагасы парламенттеги эл аралык кызматташтыктын маанилүүлүгүн белгилеп, сыйлык алган кесиптештеринин мындан аркы иштерине ийгиликтерди каалады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан