Бүгүн, 3-апрелде министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин студенттери жана профессордук-окутуучулар жамааты үчүн меймандык лекциясын окуду. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан кабарлады.
Маалыматка ылайык, иш-чарага ОшМУнун жана Ош техникалык университетинин студенттери онлайн режиминде катышты.
"Окууда өкмөт башчысы дүйнөлүк экономикалык тенденциялар, өкмөттүн ишинин артыкчылыктуу багыттары, өлкөдө жүргүзүлүп жаткан реформалар, жана стратегиялык инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашыруу жөнүндө айтып берди", - деп айтылат билдирүүдө
Мындан тышкары Министрлер кабинетинин быйылкы жылга карата пландары жөнүндө маалымат берилгени да кошумчаланды.