Көзү ачыктарды жарнамалоого тыюу салуу мыйзамы биринчи окууда жактырылды

Бүгүн, 3-апрелде Жогорку Кеңештин жыйынында "Жарнама жөнүндө" мыйзам долбоору биринчи окууда каралып, жактырылды. Ага ылайык, өлкөдө көзү ачыктардын, төлгөчүлөрдүн жана сыйкырчылардын кызматын жарнамалоого тыюу салынат.

Мыйзам долбоорун Марлен Маматалиев баштаган 25 депутат демилгелеген. Документ жарандардын аң-сезимин кимдир бирөөнүн кызыкчылыгы үчүн манипуляциялоону болтурбоо максатында иштелип чыккан.

"Биздин салтыбызга да, динибизге каршы келген, мурда-кийин тарыхыбызда болбогон "көзү ачыктар" акыркы убактарда кулачын жаюуда. Бул деген алдамчылык. Алар өздөрүн жарнамалап, элди алдап, башын айлантып жатышат. Биз ошолорду тизгиндейли, элибиз алданбасын деп ушул мыйзамды сунуштап жатабыз", - деди Маматалиев.

Ошондой эле ал көбүнчө турмуштук татаал кырдаалда турган жарандар экстрасенс жана сыйкырчы деп аталгандарга кайрылып, алдамчылардан жапа чегип жатканын, алардын кайырмагына түшкөн жарандар аз эмес экенин белгиледи.

Жогорку Кеңеш 03.04.24
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан