Жогорку Кеңешке келген ар бир министр отчётун бериши керек. Мындай пикирин бүгүн, 4-апрелде парламенттин кезектеги жыйынында эл өкүлү Мирлан Самыйкожо билдирди.
"Эмне башка депутат отчётун берет дагы, дагы башкасы бербеши керек. Же эмне "алалап-булалап" бөлүп жатасыңарбы? Же эмне башы ылдый карап, башына кара булут айланып калган министрлердин маалыматын угуп жатасыңарбы? Андай болбойт. Айыл чарба, Транспорт жана Ички иштер министри да маалыматын айтсын, баары айтсын. Маалыматын берүү үчүн ар бирине убакыт бериш керек, бул жерде алалабай.
Экинчи нерсе "депутаттар жакшылап угуп алгыла, анан кайра ушул суроолоруңарды бербегиле" деп айтып жатасыңар. Андай кылбагыла, уят! Ушул жерде суроолорубузду берели, элден келген каттарга жооп алалы, эл уксун деп отурабыз", - деди депутат.
Самыйкожо ар бир министрге 10 мүнөттөн убакыт берүү боюнча сунушун айтты.
Ал эми парламенттин төрагасы Нурланбек Шакиев 5 министрдин гана отчётун угуу боюнча үч комитеттин чечими бар экенин айтты.
Жыйынтыгында сунуш добушка коюлуп, ал өткөн жок.