Үч жылдын ичинде 315 мектеп, 69 бала бакча, 28 саламаттык сактоо объектилери курулду. Бул тууралуу бүгүн, 4-апрелде Жогорку Кеңештин жыйынында министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров айтты.
Өкмөт башчы курулуштун көлөмү 3 жылдын ичинде жогорку деңгээлге жеткенин белгиледи.
"Ошондой эле 125 айылдын таза суу маселеси чечилди. 2023-жылдын аягына чейин билим берүү тармагынын 140 объектисинин курулушу аяктаган. Мындан тышкары Баткен облусунда 417 турак жай жана 23 социалдык объект пайдаланууга берилди. Үч жылдын ичинде Ош облусунда 113 объект, анын ичинде 73 мектеп жана бала бакча курулган. Жалал-Абад облусунда 66 объект (38 мектеп), Баткен облусунда 67 социалдык объект курулган. Быйыл Чүй облусуна басым жасайбыз. Өткөн жылы калкы эң көп Чүй облусунда 15 гана мектеп курулган", - деди Жапаров.