Бүгүн, 4-апрелде Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Мирлан Самыйкожо төрага Нурланбек Шакиевди сынга алды.
Эл өкүлү Шакиевди сөз сүйлөгөнү ортодогу микрофонго чыкпагыла деген өңдүү сөздөрдү айтып, депутаттарды тыйбоого чакырды.
"Болбойт эми мындай. Депутаттарды кысымга албагыла. Баарыбызды эл шайлаган. Элдин да уккусу келип атат. Айыл чарба, курулуп жаткан жолдор боюнча да маалымат укпайлыбы. Эмнеге коргоп атасыңар? Элдин көйгөйүн айта албай эмне жаап-жашырып атабыз, ушу жерде эшек такалап отурабызыбы? Эртең элге барганда, "Ооз ачып сүйлөй албагандан кийин эмнеге бардың?" деп айтат", - деди Самыйкожо.
Ошондой эле ал парламенттин кечээги жыйынында бир депутатка 30 мүнөт сөз берилгенин эске салып, төрага Шакиевди калыс болууга чакырды.
"Сиз Жогорку Кеңештин төрагасысыз. Өкмөттүн, президенттин төрагасы эмессиз. Менин айтканым жакшы түшүнүктүү болбой атса, мен сизге ушундай эле айтайын", - деди ал.