Бүгүн, 4-апрелдеги Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттар Кыргызстандын социалдык чөйрөсүн өнүктүрүү боюнча Министрлер кабинетинин маалыматын угууда.
Анда министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров маалымат берип, 2024-жылдын биринчи кварталында мамлекеттик макроэкономикалык көрсөткүчтөрдүн туруктуу өсүшү сакталып жатканын белгиледи.
Ошондой эле ал акыркы катуу жер титирөө тууралуу да сөз кылып, Кыргызстанда жыл сайын 13 миңге жакын сейсмикалык термелүүлөр катталарын айтты. Өкмөт башчы окумуштуулар тарабынан айтылып жаткан күчтүү силкинүүлөрдүн ыктымалдуулугун эске алуу менен мамлекеттик органдар көзөмөлдү күчөтүп, имараттардын сейсмикалык туруктуулугун камсыздоо боюнча чараларды көрүшү керектигин белгиледи.
Андан тышкары жыйында министрлер да баяндама жасап, жетектеген тармактардагы учурдагы абалга токтолушту. Жыйын суроо-жооп форматында уланууда.