Депутат Түмөнбаев Жогорку Кеңешти таратууну сунуштады

Бүгүн, 4-апрелдеги Жогорку Кеңештин жыйынында эл өкүлү Акылбек Түмөнбаев депутаттарга мандатын тапшырып кетүүнү сунуштады.
Парламентке Министрлер кабинети толук курамы менен келип, беш министр доклад жасаган. Түмөнбаев транспорт министри менен айыл чарба министрин да маалыматын угууну сунуштады. Бирок демилге добуш берүүдө колдоо тапкан жок.
"Алардын докладын укпасак, элдин көйгөйүн уккуңар келбесе, анда депутаттар, мандатыбызды тапшырып кетели. Добуш бербей койгонуңуздар туура эмес. Мен 7-чакырылыштын тарап кетишин сунуш кылам. Элге уят болбой", - деди Түмөнбаев.
Ошондой эл ал төрага Нурланбек Шакиевге кайрылып өкмөткө жардамчы болуп депутаттарды тыя бербөөгө чакырды.
Ортодогу талаш-тартыштан кийин сунуш добуш берүүгө кайра коюлуп, жогорудагы министрлер доклад жасады.
Жогорку Кеңеш 04.04.24
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан