Бишкек шаары боюнча мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо башкармалыгына жаңы жетекчи дайындалды   

Тилек Кадыкеев Мамлекеттик курулуштун Бишкек шаары боюнча мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо башкармалыгынын жетекчиси болуп дайындалды. Бул тууралуу бүгүн, 4-апрелде аталган агенттиктен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары Бакай Турдугулов жаңы дайындалган жетекчини жамаатка тааныштырды.

"Тилек Кадыкеев көп жылдык тажрыйбасы бар куруучу, буга чейин Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин Курулуш башкармалыгынын башкы адиси кызматын аркалап келген",-деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан