Казакстанда суу каптоодон жалпы 72 миңден ашуун адам куткарылды

Казакстанда суу ташкыны башталгандан бери 72 миңден ашуун адам жашаган жеринен коопсуз жактарга эвакуацияланды. Бул тууралуу өлкөнүн Өзгөчө кырдаалдар министрлиги маалымдады.

Ага ылайык, куткарылгандардын 16 миңдейи балдар. Эвакуациялангандардын үчтөн бири гана убактылуу башпаанек жайларда калды, калгандары жакындарынын жана туугандарынын үйлөрүнө кетти.

Аймактардагы куткаруу иштерине ӨКМ, Коргоо министрлиги жана Улуттук гвардиянын тик учактары тартылды. Бүгүнкү күндө Батыш Казакстан, Атырау, Актөбө, Караганды, Костанай, Түндүк Казакстан жана Акмоло облустарында абал оор боюнча калып жатканы кошумчаланды.

Суу ресурстары жана ирригация министрлигинин маалыматы боюнча, 7-апрелге карата 7,5 мллион метр куб эриген суу сордурулду.

Эске салсак, коңшу өлкөдөгү суу ташкынынын кесепетинен жабыркаган казак элине Кыргызстан 300 тонна гуманитардык жардам жөнөткөн. Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен Казакстандын калкына күрүч, кумшекер, кесме, таттуу азыктары, кийим-кече, электр буюмдары, матрац жана чатырлар жеткирилет. Гумжардамды даярдоо жана жеткирүү үчүн Кыргыз өкмөтү 40 миллион сом бөлгөн.



РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан