"Эң баалуу белек шуба болгон". Ырчы, актриса Венера Сатылганова 53 жашка чыкты

Бүгүн, 9-апрелде ырчы, актриса Венера Сатылганова 53 жашка толду. Ырчыны өздүк майрамы менен куттуктап байланышканыбызда, туулган күнү Орозо айына туш келгендиктен үйүндө жакындарынын курчоосунда өткөрөрүн айтты.

"Биз туулган күнгө жакшы маани беребиз. Өзгөчө уулумдукун унутта калтырбай, жыл сайын белгилейбиз.

Туунган күнүмдү биринчилерден болуп жолдошум куттуктады. Түнкү 12ден бери эле бир туугандарыман, кесиптештеримен, дос-курбуларыман калоо-тилектер үзүлбөй келип жатат. Баарына ыраазымын, маанайым эң жакшы. Жыл сайын бул күнү бир туугандарым айттырбай келишет, андыктан чакан дасторкон даярдап үйдө эле өткөрөм. Ыйык Орозо айы болгондуктан дагы эч кандай шаң-шөкөт болбойт",- дейт ырчы.

Туулган күн ээсине эсте калган эң баалуу белекти эжеси Гүлнур Сатылганова бергенин кошумчалады.

"Жыл сайын бул күнү ар кандай белек алам. Жолдошум быйыл керегиңе жаратып ал деп акча берди. Ал эми алган белектердин арасынан эң баалуусу мындан эки же үч жыл мурда Гүлнур эжемдин шуба белек кылганы болгон. Аны көрүп сүйүнгөнүмөн "иий, эми кыш качан келет, качан кием муну" деп жатпаймынбы (күлүп). Ошол жылы да жылдагыдай эле бир туугандар, дос-курбулар менен үйдө белгилеп жаткамда, арабыздан бирөө "Шубаңды кий, жүрү мен сени Төө-Ашууга, тоонун карларына алып барып келем" деп тамашалаган эле" - деди ал.

Венера Сатылганова Токтогулда төрөлүп-өскөн. Ырчы көпчүлүккө "18 жаш", "Жаш тилек", "Ай чыкканда балбылдап", "Алгачкы сүйүү", "Жанар тоо", "Дил кайрык" деген ырлар менен таанылган. Ал эми кино жаатында Венера Сатылганова "Чиркин өмүр" тасмасында Карачачтын, "Кууш жолдо" киносунда Салтанаттын ролун жаратып эл оозуна алынган.

9-апрелдин жылнаамасы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан