УКМК Бишкектин вице-мэри Максатбек Сазыкуловду кармады. Чоо-жайы

Бишкектин вице-мэри Максатбек Сазыкулов мыйзамсыз курулган коммерциялык объекттилерди калкалаганы үчүн кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 15-апрелде УКМКдан билдирди.

Маалыматка ылайык, вице-мэр мыйзамсыз баюу максатында аффилирленген жак менен жеке кызыкчылык үчүн тил табышып, ишкердик субъектине негизсиз жана мыйзамсыз преференцияларды берүү боюнча туруктуу коррупциялык схеманы уюштурган.

Тактап айтканда, ал мыйзамсыз түрдө өзүнүн компетенциясынын чегинен чыгып, шаардын так ортосунан коммерциялык объект куруу үчүн муниципалдык жер тилкесин ак ниетсиз ишкердик субъектисине бөлүп берүү боюнча көрсөтмө берген. Аталган жер тилкесинин базар баасы бүгүнкү күндө 200 миң долларды түзөт.

Ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруунун профилдик органдары тарабынан аянты 300 чарчы метр болгон бул коммерциялык объектти эч кандай уруксат берүүчү документтери жок куруу фактысы аныкталган. Ошонун негизинде объект белгиленген тартипте бузулууга тийиш болгон. Бирок Максатбек Сазыкулов өзүнүн ыйгарым укуктарын колдонуп, бул процессти ар тараптан токтотуп, ар кандай тоскоолдуктарды жараткан. Натыйжада, мыйзамсыз объект демонтаждалган эмес.

Мындан сырткары буга чейин борбор калаанын тургундарына жана конокторуна ыңгайлуу болуусу үчүн курулган объектинин ордунда сейил бак жашылдандырылган. Аянтты көрктөндүрүү боюнча тендер Сазыкулов тарабынан демилгеленип, аны өткөрүүдө да коррупциялык факты аныкталды. Алсак, аянтка жергиликтүү бюджеттен 17 миллион сомдон ашык каражат жумшалса, курулуш экспертизасынын алдын ала анализинин жыйынтыгында иш жүзүндө аткарылган иштер 6-7 миллион сомго ашыкча бааланган.

Аталган факты боюнча өзүнчө иш жүргүзүлүп, текшерүү иш-чаралары уюштурулуп, керектүү экспертизалар дайындалды.

УКМК тарабынан чогултулган материалдардын негизинде козголгон кылмыш ишинин алкагында Бишкек шаарынын вице-мэри С.М.Ш. жана ишкер Т.Б.М. кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда аталган иштин бардык жагдайларын, жогоруда аталган коррупциялык схемага тиешеси бар кызмат адамдарын жана башка адамдарды аныктоо боюнча тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан