Учурда балдар арасында кайсы оорулар көп катталып жатат? Дарыгер менен маек

SUPER.KG порталынын Пайдалуу кеңеш түрмөгүндө бул жолу акыркы кезде балдар арасында көп катталып жаткан оорулар, анын алдын алуу жолдору тууралуу сөз кылабыз. Суроолорубузга Бишкектеги №3 шаардык медициналык Тез жардам балдар клиникалык ооруканасынын хирург-дарыгери, Кыргыз-Орус Славян университетинин балдар хирургиясы кафедрасынын жетекчиси Калыбек Мыкыев жооп берди.

- Агай, салматсызбы! Алгач эле балдар хирургу деген ким деген суроону узаткым келип турат.

- Дарыгер болуу бир эле операция кылып же дары жазып коюш эмес. Орусиялык белгилүү хирург Юдин бул кесипти көп нерсеге салыштырган. Хирург - бул психолог, сантехник, бычмачы, тигүүчү болушу керек. Анан да хирургдун өзүнчө психологиялык өзгөчөлүгү болушу абзел.

- Жаш балдарга диагноз коюу кыйын болсо керек...

- Келечекте ата-эне болууну ойлонуп жаткан жаштар даярданып, өзүлөрү алдын ала текшерүүдөн өтүп койгону жакшы. Бала түйүлдүк болгон кезден баштап текшерилип, баланын ден соолугуна кам көрүү зарыл.

Андан кийин балдардын чоң адамдардан өзгөчөлүгү - жаш курактарга бөлүнгөнү. Алсак, жаңы төрөлгөн убак бир айга чейин, үч жашка чейин кенже курак деп коёт. Андан кийин мектепке чейинки курак (3 жаштан 7 жашка чейин), мындан кийин мектеп курагы, анан өспүрүм курак болот. Балдардын ушундай жашына карата оорулардын да кездешүүсү, өзгөчө түрлөрү болот. Мурун балдарда кездешкен бардык оорулар баланын жашына карата бөлүштүрүлөт деп айтып калышчу.

Балдар бизде өлкөнүн калкынын 30-40 пайызын түзөт. Союз убагында "бардык жакшы нерсенин баары балдарга" деген девиз бар эле. Азыр ошол жок болуп калды. Баланын ден соолугу таза болсо, мамлекетибизге, элибизге жакшы да.

Азыркы кезде дүйнө жүзүндө "Фетальная хирургия" өсүп жатат. Бул деген бала төрөлгөнгө чейин тубаса кээ бир оорулардын энесинин ичинен заманбап аппараттар аркылуу операция кылып ар кандай методдор менен ошол ооруну түздөп коюшат. Эгер УЗИде энесинин ичинен эле диагноз койсо. Азыр биз угуп эле жомок болуп жатат. Муну 91-жылы Москвага барганда ошондо Германияда колдонуп баштады деп айтып беришкен. А эми бизге качан келет билбейм. Бизде, балдар хирургиясында, жаңы метод лапароскопия, эндоскопия дегенге жаңы эле кадам таштап атабыз. Орусия 30 жылга, Европа медицинасы бизден 40 жылга алдыга кетти. Ал жакта лапароскопия, эндоскопия боюнча дарылоодо бир эле ооруга 3-4 жаңы методикасын жасап калышты.

- Акыркы учурда балдар арасында кайсы оорулар көп катталып жатат?

- Азыркы учурда балдардын 15-20 пайызы ар кандай оорулар (тубаса оорулар: экологиянын таасиринен, тукум куучулуктан, ата-энесинин ден соолугунда мүчүлүштүктөр бардан жана башка бузулуулардан улам) көп болуп жатат. Өзгөчө акыркы убактарда 10-15 жылдан бери балдарда шал (тубаса же жаңы төрөлгөндө ар кандай ооруларды өтүштүргөндөн) оорусу өтө көбөйүп жатат. Мисалы, 30 орундук эле бөлүмдө күндө 1-2 бала бул оору менен жатат. Шал оорусу менен ооруган балдар ата-эненин дайыма көзөмөлүндө болуп турушу керек. Өз алдынча басып, кыймылдай албайт, тамак иче албайт. Ошондуктан балдардын ден соолугун төрөлгөнгө чейин эле жакшылап караш керек деп айтар элем. Анткени балдар өлкөнүн келечеги.

Бейтаптар убагында ооруканага келсе жакшы. 5-6 күн үйдө кармап, өзүлөрү көрүнгөн дарыларды берип, бирок аны айтышпайт. Келип эле дарыгерлерге асылган учурлар да болуп калат. Кийин-кийин биле баштайбыз кайсы дарыларды бергенин. Бул балдарына туура эмес мамиле кылгандан болот.

- Акыркы кезде шал оорусу менен ооруган балдардын саны көбөйүп жатат деп айтып калдыңыз. Эмнеден улам көбөйүп атат?

- Суроого так эле жооп берүү кыйын. Аларды невролог дарыгерлери дарылашат. Биздин байкообуз боюнча, булар төрөт убагында баланын ичинде "внутриутробная инфекция" деп коёт. Ата-энесинде кан менен жуга турган ар кандай оорулар болсо, билирубин деген канда көтөрүлүп, кан менен баланын денесине жайылып, анын боорун, бөйрөгүн, башка ички органдарына, көбүнчө баш мээге катуу зыян берет. Ошондон кетет себеби.

Экинчиден, ата-энелер айтып калышат эмдөө алгандан кийин ушундай абалга келгенин. Ага чейин жакшы болуп, кийин дене табы көтөрүлүп калганын. Аны так айтыш кыйын, статистика, такталган маалымат керек, ансыз деле азыр көп ата-энелер эмдөөдөн качып жатпайбы. Үчүнчүдөн, төрөткө кеч келип калуу, убагында энелер көз жарганга чейин каттоого турбай, текшерүүдөн өтпөгөнү. Шарт ушундай болуп жатат да. Миграция болуп жатат. Төрөт учурунда баш жагында, мээ тарабында трамва болуп, ошондон дагы кетип калышы мүмкүн. Мунун дагы себептери көп.

Акыркы кезде бул ооруну дарылоо өтө оор болууда. Бул бир эле Кыргызстанда эле эмес, дүйнө жүзү боюнча ушундай.

- Тубаса кемтиги менен туулган балдарга да операция жасайсыздар. Антип төрөлүп калууга эмнелер себеп болот?

- Бала түйүлдүк болгон кезден баштап ата-эненин жашоосу, ичкен тамак-ашы, жүргөн-турганы анан сырткы таасирлер себеп. Мындан улам балдар төрөлгөнгө чейин эле тубаса оорулар менен ооруп калышы мүмкүн же тукум куучулуктан болот. Ошол группаны биз тубаса балдар оорулары же тубаса кемтик деп коёбуз. Бул бир гана балдар хирургиясында эмес, ар түрлүү балдар ооруларында да кездешет. Ошонун бири жүрөктүн тубаса оорулары.

- Өзгөчө күздө, кышында №3 шаардык балдар ооруканасында кезек күткөндөрдүн саны узарып, ата-энелердин, дарыгерлердин дагы шаштысын алган учурлар катталат. Мындай көйгөйдү кантип чечсе болот?

- Мисалы, борбор калаабызга азыр биз иштеп аткан 350 орундук ооруканадай үч-төрт оорукана керек. Азыр шаардын ичинде эле ооруп калсаң ооруканага жетиш үчүн 1 саатта араң келесиң. Бейтаптардын көбү райондордон өзүлөрү келишет, келгенче кыйналышат, акыбалы оорлошот, санавиация илгеркидей эмес ташыбайт. Дагы шаарыбызда жол тыгыны бар дегендей. Бизде көйгөй болуп атканы - күнү-түнү жылдырууга мүмкүн болбогон ооруларды кабыл ала турган оорукананын жетишпегендиги.

- Балдар хирургиясында үзүрлүү эмектенип жатканыңызга 50 жыл толуптур. Бул аралыкта канча операция жасадыңыз?

- Так эсептеген жокмун. Болжолдуу 20 миңден ашып кетти го. Алардын арасында оор, орточо, жеңил түрдүү, биринчи жолу Кыргызстанда жасалган операцияларым да бар.

- Жумуш учурунда кызыктуу, ары оор, эстен кеткис окуялар дагы болсо керек...

- Ошто 17 жылдан ашык облустук көп тармактуу балдар ооруканасында хирург болуп иштедим. Ошол кездеги бир окуяны айта кетейин. Ал учурда азыркыдай уюлдук телефон дагы жок, кимден жардам сурашты билбейсиң. 1998-жылы декабрдын 30у болчу. Бир баланы автоунаа тебелеп кеткен экен. Аты-жөнү баары эсимде. Азыр ал 40тан ашып калды. Боору жөн эле беш-алтыга бөлүнүп кетиптир. Ичинде 1-2 литр кан бар экен. Ал убакта азыркыдай венага катетер деген жок, кан тамырларына төрт тамчылатма дары койдук. Ичиндеги канды алып, сордуруп эле куюп атабыз, өзүнүн каны да. Каны 4 группада болчу. Туугандарын чакырып, бир-экөөнөн кан алып эле куйдук. Бактыга жараша, реакция болгон жок. Операция учурунда эки жолу жүрөгү токтоп калды. Жүрөгү көрүнүп турат. Эки жолу жүрөгүн колум менен массаж кылып иштетип жибердим. Азыркыдай пульсоксиметр деген жок. Боорду анча-мынча жакындатып тигип жатам, бирок эзилип кеткен. Тиксең деле боор жумшак болгондуктан айрылып кете берет. Болушунча аракет кылдык, убактылуу кан акканды тампондор менен баса токтотуп жатам, колду алсаң эле кан кайра агат. Ошентип операция 6 саатка созулду. Ошол операция бүткүчө 6 жаштагы балага 12 литр суюктуктарды, кан кошо куюптурбуз. Кийин эсептеп чыктым. Баары бир каза болуп калат го деп ойлоп калдым. Ал учурда жаш кезибиз, бир аз эс алып алайын деп жарым саат уктап турдум. Эми ал баланы каза болду деп айтат го деп жандандыруу бөлүмүнө барсам өзү дем алып жатат. Ал бейтап 15 күндүн ичинде ооруканадан чыгып кетти. Мына ушундай учурлар болгон.

- Сиздин колуңуздан дарыланып, кийин дарыгер болгондор барбы?

- Бар андайлар. Даанышмандардын жакшы сөзү бар го "10-20 жыл жашайм десең дарак тик, 100 жыл жашайм десең окуучуларыңды өстүр" деген. Окуучуларым Кыргызстандын бардык жеринде иштешет, эстеп ыраазычылык сөздөрүн айтып турушат. Балдар хирургдары окуучуларым Орусияда, Германия, Казакстанда, Грузияда ийгиликтүү иштеп, илимий иштерди жактап жатышат. Мен үчүн чоң сыймык. Ахунбаев атындагы Медициналык академияда 1992-жылдан 2019-жылга чейин, Кыргыз-Орус Славян университетинде 2009-жылдан бери иштеген аралыкта окуучуларды өстүргөнгө аракет кылып жатабыз. Жылда Орусияга, өзбекстанга, Казакстанга студенттерди, жаш мугалимдеримди алып барып турам, конференцияларга катыштырып, доклад жасаттырып. Абдан жакшы, келечекте дарыгер болсок деген балдар-кыздар бар. Аларга болгон кеп-кеңештерибизди айтып турабыз.

- Өлкөдө медицина тармагында маяна аз болуп жатат да. Дарыгер болом деп окуп жаткан студенттерди кантип шыктандырасыздар?

- Азыркылардын көпчүлүгү жагдайды билип атышат. Байкап көрсөм, эптеп эле диплом алып бүтүп, бирок дарыгер болгулары жоктор да бар. Азыр бизге өтө керектүү, 60-70 пайыз балдар педиатры жетишпейт. Анткени элдин 30-40 пайызын балдар түзөт. Окугандардын 5-10 пайызы эле педиатр болот.

Студенттерге дарыгер болом десеңер мындай кыялдангыла дейм: келечекте күндө баланча деген дарыгер бар дешип эл келип, академик, профессор боло тургандай болуп аракет кылгыла. Клиникалык дарыгер болгондон кийин дарылаганды, сүйлөшкөндү билиш керек, элге угулган дарыгер, эл өмүр бою айтып жүрө тургандай болуш керек деп айтам.

Андан тышкары студенттер үчүн илимий ийримдерди уюштуруп иштеп жатабыз. Темирлан деген жаш мугалим дарыгерибиз бар. Ал жакшы иштөөдө. Мен дагы иш тажрыйбам менен бөлүшүп турам. Аны менен бирге илимий иш кылган студенттерди Екатеринбургга, Москвага, Самаркандга, Казакстанга алып барып келдик. Дарыгерлерди дагы кошуп алам кээде каалоочулар болсо.

Бирок дарыгерлердин маянасынын өтө аздыгы чоң көйгөй болуп турат. Азыр күн сайын хирургиялык кабыл алуудан 200дөн ашык бала өтөт, бул бир эле биздин хирургиялык кабыл алуучу жерден. Жалпы ооруканадан 500дөн көп болот чыгар. Дарыгерлер өтө чоң оор психологиялык жүк менен иштешет. Кээде күзөттөн кийин жаш дарыгерлер деле өтө чарчап калышат. Айла жок, өзүлөрү жүрөгүнөн ушул кесипти тандап алышкан. Баары бир иштеп жатышат жакшы жакка оңолорбуз деп.

- Агай, маек үчүн ыраазычылык билдиребиз! Эмгегиңизге таазим кылабыз!


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан