Соңку күндөрү социалдык тармактарда Кыргызстанда жүргөн чет элдик жарандар тууралуу ар кандай талкуулар орун алууда. Арасында алардын айрым кадамдарына нааразы болуп, терс пикирин билдирип жаткандар да бар. Коопсуздук маселеси да көз жаздымда калган жок. Бул тууралуу
SUPER.KG порталына маек куруп жатып, өлкөнүн экономика жана коммерция министри
Данияр Амангелдиев билдирди.
- Данияр Жолдошевич, саламатсызбы!
- Саламатчылык!
- Акыркы убактарда социалдык тармакта өлкөбүздө жүргөн чет элдик жарандар боюнча ар кандай талкуулар орун алууда. “Айрым чет элдиктер республиканын тигүү тармагын каптап кетишти, бардык кызмат көрсөтүүлөрдү ээлеп алышты, буларга мамлекет көңүл бурса болмок” деген ой-пикирлер да айтылып жатат. Мындай пикирлер канчалык негиздүү?
- Өлкөбүздүн Евразиялык экономикалык бирликке (ЕАЭБ) кириши менен Кыргызстан калкынын көпчүлүгү чет өлкөлөргө иштеп кетиши бизде жумушка жарактуу жаштардын азайышына алып келди. Натыйжада жумушчу күчүнүн жетишсиздиги пайда болду.
Кыргызстанда тигүү ишканалары негизинен Бишкек менен Чүйдө жайгашкан. Соңку кездери бул аймактарда жумушчу күчү жетишпегени тигүү цехтери үчүн чоң көйгөйгө айланды. Тапшырык көп, тигүү жабдуулары жетиштүү болгону менен, жумушчу күчү жетишсиз.
Айрыкча Бишкек шаарында 2021-2022-жылдардан бери тигүү ишканаларына тапшырыктар көбөйүп, бирок кесипкөй жумушчу күчү жетишпей жаткан. Майда жана орто тигүү цехтери үйдө иштеген тигүүчүлөргө тапшырык берүүгө мажбур болуп, бирок алардын сапатын арттыра албай убара чегип жатканын кескин белгилеп келишкен. Ал эми ири фабрикалар болсо кол күчү жетиштүү жана арзан болгон алыскы аймактарга тигүү цехтерин ачып жатышат.
Биздеги цех иштеткендердин айтымында, жумушчулардын айлык акыларын мурункуга караганда 30 пайызга көтөрүп, бардык шарттарын түзүп берген күндө да тигүүчүлөр цехтен цехти тандап, кетип калып жатышат. Мында тигүү цехтериндеги иш шыр кетпей, туруксуздук жаралууда.
Ошентип соңку жылдары өлкөдө тигүүчүлөрдүн тартыштыгы өсүп, ишканалар 50-60 пайыз кубаттуулукта гана иштеп жатат.
Мындан улам соңку мезгилдерде Кыргызстандагы тигүү ишканаларына Пакистандан, Индиядан келип иштегендер көбөйдү. Буга себеп катары Кыргызстанда маянанын аларга салыштырмалуу жогору экендиги жана иштөө шартынын жакшы түзүлгөндүгү айтылат. Кыргызстанда тигүүчүлөр айына орточо 50-60 миң сом табышат.
Цех ээлеринин айтымында Пакистандын, Индиянын жарандары туруктуулугу менен айрымаланышат. Келишим түзүп алып иштегенде алар цехтен цехти тандабай, бир цехте гана туруктуу иштеп беришет.
Кыргызстанда жеңил өнөр жайы приоритеттүү, социалдык мааниси чоң тармак болуп эсептелет. Жумуш менен камсыздоо боюнча айыл чарба тармагынан кийинки экинчи орунда турат. Бейрасмий эсеп боюнча Кыргызстанда тигүү өнөр жайында иштегендердин саны 200 миңге чейин жетет.
Өлкөбүздө жумушчу күчү тартыш болуп жаткан дагы бир тармак - бул курулуш. Бул жактагы курулуш компаниялар курулушта иштей турган адам табышпай кыйналганын айтып келишет. Айрыкча жай мезгилинде. Анткени бир кездерде жаштар курулушта иштеш үчүн Орусияга чыгып кетишкен. Болбосо эмгек акылары азыр Орусиядагыдай эле. Жалаң жергиликтүү тургундарды иштетели дешсе курулуштары мөөнөтүнөн кыйла кечеңдейт. Анан алар дагы чет өлкөлүк компаниялар аркылуу курулушта иштей тургандарды алып келишет. Бардыгы берилген квоталарга ылайык.
- Жалпысынан өлкөдө чет элдик жарандардын көбөйүшү жергиликтүү эмгек рыногуна жана бизнес чөйрөсүнө кандай таасирин тийгизет?
- Чет элдиктердин өлкөбүзгө көп келиши, алардын бул жакта окуп, иштеп жүргөндөрү жакшы көрүнүш деп айтар элем. Биз алардан чочулабай, тескерисинче, сүйүнүшүбүз керек. Анткени ар бир чет элдик жарандын келишин өлкөбүзгө каражаттын түшүүсү деп кабыл алышыбыз керек, ушинтип түшүнүшүбүз зарыл. Дүйнө жүзүндөгү өлкөлөрдүн баары ар бир турист үчүн кадимкидей күрөшөт. Аларга түзүлгөн шарттарды тизмектеп, ар кандай эл аралык жарманкелерде өз өлкөсүнүн артыкчылыктарын айтып жарнамалашат. Бул туризм тармагы өлкө экономикасына чоң салым кошорун эч унутпоого тийишпиз.
Туризм тармагынын өнүгүшү, туристтер үчүн өлкөдөгү жагымдуу абал мамлекеттин экономикасынын өнүгүү темпине кадимкидей олуттуу таасир этет. Мына ошол эле туристтердин агымынын эсебинен ишкерлердин кирешелери өсүп жатат, аны менен кошо тейлөө тармагы да өнүгүүдө. Бир эле мисал, 2023-жылдын жыйынтыгы боюнча мамлекеттик бюджетке туризм тармагынан түшкөн салыктык киреше 1,3 миллиард сомдон ашты.
Туризм тармагы инфратүзүмдү модернизациялоого түрткү берип, өлкөнүн региондорун өнүктүрүүгө чоң роль ойнойт. Мунун баары биздин өлкөдө жагымдуу туристтик климаттын жаралышын шарттайт.
Бүгүнкү күндө президентибиз Садыр Жапаровдун аракеттеринин, Министрлер кабинетинин жана жеке тармактын биргелешкен ишинин аркасында өлкөдө туризм инфратүзүмү өнүгүүдө. Жаңы заманбап туристтик объектилер түзүлүүдө. Туристтерди тартуу боюнча көргөзмөлөр өткөрүлүп, бир катар реформалар ишке ашырылууда.
Мына ушундай иш-чаралардын натыйжасында акыркы убактарда алыскы чет өлкөлөрдөн, алардын катарында жакынкы Чыгыштан жана Түштүк-Чыгыш Азиядан, анын ичинде Пакистан жана Индия сыяктуу мамлекеттерден келген туристтердин жана билим алып жаткан чет өлкөлүк жарандардын саны көбөйгөндүгү баарыбызга байкалууда.
Албетте, башка улуттар сыяктуу эле, аталган өлкөлөрдүн өкүлдөрүнүн да өздөрүнүн өзгөчөлөнгөн маданияты жана каада-салты бар. Ошол эле учурда биздин коом үчүн, же бүтүндөй өлкө үчүн алар эч кандай зыян келтирбей турганын баса белгилеп кетүүбүз зарыл. Бул өлкөлөрдүн жарандары тынч жашоо образын карманып, жалпысынан кабыл алынган жүрүм-турум талаптарын карманышат деп ишенимдүү айтууга болот.
Ошол эле учурда, биздин өлкө үчүн чет өлкөлүк студенттердин келиши маанилүү ролду ойнойт. Анткени бул жарандар жергиликтүү кызматтардан пайдаланышат, биздин продукцияларды сатып алышат, турак жайларды ижарага алышат жана контракттарды төлөшөт. Мисалы, ар бир чет элдик студент орточо эсеп менен айына
500-1000 АКШ долларында акча каражатын коротот. Аталган өлкөлөрдөн 30 000ге жакын студент бар. Ар бир студент контрагына эле кеминде 3000 доллар төлөшөт. Эсептей келгенибизде алардан түшкөн каражат биздин экономикабызга бир топ эле салым кошуп жатпайбы.
Албетте, коопсуздук маселесин да көз жаздымда калтырган жокпуз. Бардык студенттер, иштегени келгендер биздин өлкөдө мыйзамдуу түрдө жана тиешелүү органдарда каттоодон өтүшөт. Студенттер окуусун аяктагандан кийин өз өлкөсүнө кайтып кетип, билими менен иштерин белгилей кетүү маанилүү. Иштегендер болсо түзүлгөн контрагы бүткөндөн кийин кайра мекендерине кетишет.
Эми минтип, алардын келишинен бизге кандай пайда каларын эсептеп-чоттобой эле куру патриот болуп, “каптап кетти эле, каптап кетти” деп ач айкырык сала бергенден эмне пайда? Мыйзам бузуп атышса бир жөн. Ошол эле маалда, өзүбүздүн эле туугандардын чет жерде иштеп жүргөндөрүн дагы эстен чыгарбашыбыз керек да. Алар деле ошол өлкөнүн мыйзамдарын сактоо менен иштеп атышат. Анан келип алып, басып кетти, каптап кетти дей берсе, ошол жакшыбы? Кичине бир ар жак-бер жакты карап, салмактап көрүп анан бүтүм чыгарган туура болот го дейм. Кыскасы, чет элдиктер каптап кетти, басып кетти деген ойдон алыс болушубуз керек! Мыйзам бузуп атышса башка кеп.
- Чоң рахмат, ишиңизде ийгиликтер болсун!