Биз социалдык тармакта

Сокулукта жансыз дене табылды. Милиция шектүүгө издөө жарыялады

Чүй облусунда шеригин өлтүрүүгө шектүүнү издөө иштери уланууда. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, 2-март күнү Сокулук РИИБинин нөөмөт бөлүмүнө Электромеханик аймагынан зомбулуктан каза болгон 1975-жылы туулган М.А.нын жансыз денеси табылгандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

Бул факты Сокулук райондук ички иштер бөлүмүнө катталып, кылмыш иши козголгон. Кылмыш иши боюнча бардык зарыл болгон экспертизалар дайындалган.

Ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө, маркумду чогуу жашаган, мурда бир нече жолу соттолгон 1975-жылы туулган Ш.Б. аттуу жаран өлтүрүп, качып кеткени аныкталган.

Учурда аны издө иштери жүрүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан