Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Нурбек Сыдыгалиев ар башка тармактын мыктыларына Жогорку Кеңештин сыйлыктарын тапшырды.
Парламенттин басма сөз кызматынан билдиргендей, Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнө, ЖОЖдун профессорлоруна жана мектеп мугалимдерине, сот тутумунун жана ИИМдин кызматкерлерине, жолчулар менен энергетиктер, экологдор жана дарыгерлерге Жогорку Кеңештин Ардак грамотасын жана "Жогорку Кеңешке 85 жыл" юбилейлик медалдарын тапшырды.
Сыйлыктар алдыңкы кызматкерлерге өз тармагындагы көп жылдык үзүрлүү эмгеги, өлкөнүн өнүгүшүнө кошкон салымы, жигердүү коомдук ишмердиги үчүн ыйгарылды.