Бишкектеги Ататүрк сейил багында мыйзамсыз курулган объектилер буздурулат

Бишкектеги Ататүрк сейил багындагы мыйзамсыз курулган үйлөр буздурулат. Бул тууралуу бүгүн, 16-апрелде калаа мэри Айбек Жунушалиев маалымат жыйынында билдирди.
Мэрдин айтымында, мындай чечимди Бишкек шаарынын мэриясы кабыл алып, өлкө жетекчилиги менен макулдашылган.
Буга чейин кол коюлган парктын 107 гектардык чек арасын бекиткен токтомго ылайык, 2000-жылдан 2010-жылга чейин 43 гектар жерге турак жай курууга берилген жергиликтүү бийликтин 124 токтому жокко чыгарылып, жер паркка кайтарылышы керек. Учурда 43 гектарда 198 имарат бар.
Тиешелүү муниципалдык кызматтар төмөнкү чараларды көрүшөт:

- Бишкек мэриясынын 1992-жылдын 25-июнундагы токтому менен бекитилген сейил бактын жер участокторун кайтарып алуу;

- сейил бактын аймагында мыйзамсыз тургузулган объектилерди бузууну жүргүзүү;

- күнөөлүү адамдардын эсебинен паркка келтирилген зыяндын ордун толтуруу боюнча иштерди жүргүзүү;

- укуктук баа берүү жана сейил бактын жерлерин жеке жактарга өткөрүп жиберген жетекчилерди жоопкерчиликке тартуу үчүн материалдарды прокуратура органдарына жөнөтүү;

- Бишкек шаарынын бардык жашыл аймактарын (сейил бактарды, скверлерди, аллеяларды жана башка объектилерди) максаттуу пайдалануу жана көзөмөлдү күчөтүү максатында инвентаризациялоону жүргүзүү;

- тарыхый-маданий мурас объекттеринин паспортун даярдоо.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан