Чүй облусунда шеригин өлтүргөн деп издөөдө жүргөн жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Милициянын маалыматына ылайык, Сокулук районунун Электромеханик аймагында чогуу жашаган өнөктөшүн өлтүрүп, изин жашырып кетти делген Ш.Б. аттуу жаран Ысык-Көл облусунун аймагынан кармалган.
Учурда ал убактылуу кармоочу жайда жана тергөө иштери уланууда.
Буга чейин Чүй облустук милициясы Сокулук районунда зомбулук менен өлтүрүлгөн жансыз дене табылганын билдирип, шектүү качып кеткендигине байланыштуу ага издөө жарыялаган.