15-апрель күнү Кара-Суу районунда 5 жаштагы кызды айылдын четине алып барып алып зордуктоого шектүү жаран айылдаштары тарабынан кармалган.
Милициянын маалыматына ылайык, бул факты боюнча кылмыш-жаза кодексинин 165-беренесинин (Адам уурдоо) жана 155-беренесинин (Сексуалдык мүнөздөгү зомбулук аракеттер) негизинде кылмыш иши козголгон.
Шектүү катары автоунаанын ээси Ош облусунун 1993-жылы туулган тургуну Э.уулу З. кармалып, камакка алынган. Ал эми жабырлануучу кызга карата соттук-медициналык экспертиза дайындалган.
Кыздын атасы Т-Медиага бул окуя боюнча айтып берди. Ал анда шектүүнү өмүр бою эркинен ажыратуу керектигин айтты.
"Ал таңга маал үйдүн астында жүргөн экен. Болжол менен 5-6нын ортосунда уктап жаткан кызымды көтөрүп алып чыгып кетиптир. Байпагы, бут кийими дагы жок. Кызым "бир эки жолу урду" деп дагы айтты.
Азыр кызым ооруп жатат, коркуп дагы калыптыр", - деди ал.
Ал эми окуяга күбө болгон жарандын айтымында, шектүү жаран унаасы тыгылып калганын айтып жардам сураган. Ал жардам бергени барганда унаадагы кызды көрүп, дароо атасына кабарлаган.