Бишкекте чет элдик жаранды зордуктоого шектелген актёр Чыңгыз Мамаев толугу менен акталды. Мындай маалыматты SUPER.KG порталына Свердлов райондук сотунан тастыкташты.
Актёрдун соттук отуруму бүгүн, 17-апрелде Свердлов райондук сотунда болуп, сотко төрагалык кылуучу Чыңгыз Мамаевди толугу менен актаган.
Эске салсак, Чыңгыз Мамаев 2022-жылдын апрель айында зордуктоого шектелип кармалган. Ага карата Кылмыш-жаза кодексинин 155-беренесинин ("Сексуалдык мүнөздөгү зомбулук аракети") негизинде иш козголгон.
2023-жылдын 11-январында актёр үй камагына чыккан.