Бүгүн, 18-апрелдеги Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Аида Исатбек кызы мечиттерде жума намаздын алдында зордук-зомбулуктун алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү сунуштады.
Эл өкүлү соңку убактарда өлкөдө аялдарга жана балдарга карата зордук-зомбулук көбөйүп жатканын белгиледи.
"Жума намаздын алдында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү боюнча имамдарга тапшырма берсек. Аялдарга, балдарга, негизи эле адам болгондон кийин бири-бирибизге аярлуу мамиле кылсак дегенди эскертүү максатында иш-чараларды жүргүзсөк, балким, зордук-зомбулук азаябы деген үмүттөмүн", - деди Исатбек кызы.