Депутат Жумабеков азык-түлүк коопсуздугу боюнча көйгөй жаралышы мүмкүндүгүн эскертти

Коңшу Казакстандагы селден улам Кыргызстанда азык-түлүк коопсуздугу боюнча көйгөй жаралышы мүмкүн. Бул тууралуу бүгүн, 18-апрелдеги Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Дастан Жумабеков билдирди.
Эл өкүлү өкмөттү азыртадан бул маселени ойлонуп, чара көрүүгө чакырды.
"Азык-түлүк коопсуздугун азыртадан ойлонбосок, ушул жылы жана кийинки жылы оор болот. Айрыкча буудай, арпаны ошол мамлекеттен алабыз. Анан суу каптоонун айынан аларда түшүм өтө аз болот деп ойлойм", - деди Жумабеков.
Жогорку Кеңеш 18.04.24
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан