Депутат Өмүрзаков айрым кылмышкерлер эмне себептен камактан чыгып кетип жатканын айтты

Бүгүн, 18-апрелде Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Сүйүнбек Өмүрзаков өлкөдө ДНК лабораториясынын жоктугу укук коргоо жана сот тутумунун кызматкерлеринин ишин оорлотуп жатканын айтты.

"Мамлекеттик деңгээлде бул маселеге көңүл буруп, лабораторияны ачуу зарыл болуп турат. Анализдерди башка өлкөгө жиберүүгө мажбур болуп жатабыз. Бир катар кылмышкерлер ДНКнын экспертизасы жоктон улам камактан бошонуп кетүүдө. Көп мамлекеттерде ДНКнын экспертизасы жок кылмыш иши каралбайт дагы", - деди Өмүрзаков.

Ошондой эле ал бир гана укук коргоо органдарына эмес, саламаттыкты сактоо тармагына да керек экендигин белгилеп, мамлекеттик ДНК лабораториясы ачылса өзүн-өзү бат эле актаарын кошумчалады.

Жогорку Кеңеш 18.04.24
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан