Бүгүн, 18-апрелдеги парламент жыйынында депутат Мейкинбек Абдалиев жазгы талаа иштеринин алкагында дыйкандарга колдоо көрсөтүп, насыяларды жөнөкөйлөтүлгөн түрдө берүүнү сунуштады.
Эл өкүлү жеңилдетилген айыл чарба багытындагы насыя алуудагы тоскоолдуктарды атап, насыя берүүдөгү кагаз иштерин азайтуу керектигин айтты.
"Эгүү баштала электе дыйкан бир байдан карызга акча алат. Ал карыз бергени үчүн белгилүү өлчөмдөгү пахта сурайт, башкача айтканда, дыйкан түшүмүн ала электе эле карызга батып калат. Ошондуктан банктар аркылуу жеңилдетилген насыяларды беришибиз керек. Кредит алуу үчүн дыйкандар ишин таштап, бир айлап банктын алдында жүрөт", - деди Абдалиев.