Бишкек шаарында 22-апрелден 1-июнга чейин ысык суу өчүрүлөт. Бул тууралуу калаа мэриясынын маалымат кызматынан билдиришти.
Белгиленгендей, тиешелүү буйрукка 18-апрелде шаар мэри Айбек Жунушалиев кол койгон.
Бул иш-чаралар жыл сайын жүргүзүлүчүү профилактикалык жана оңдоо жумуштарын ишке ашыруу максатында өткөрүлүп келет.