Акылбек Жапаров Franklin and Templeton инвестициялык компаниясынын директору менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров АКШга болгон жумуш сапарынын алкагында “Franklin and Templeton” инвестициялык компаниясынын башкы директору Женнифер Морроу Джонсон менен жолукту. Бул тууралуу бүгүн, 19-апрелде министрлер кабинетинен билдиришти.

Маалымдалгандай, жолугушууда мындан аркы кызматташуу пландары талкууланып, биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу боюнча конкреттүү кадамдар макулдашылды.

Ага ылайык, компаниянын башкы директору Кыргызстан менен узак мөөнөттүү кызматташууга кызыкдар экенин билдирди.

Белгилей кетсек, 1947-жылы негизделген “Franklin Templeton Investments” инвестициялык компаниясы дүйнөдөгү эң ири инвестициялык компаниялардын бири. Компаниянын жылдык жүгүртүүсү 1,4 триллион долларды түзөт. Ал дүйнө жүзү боюнча жеке инвесторлор, институционалдык кардарлар жана мамлекеттик мекемелер үчүн портфелдердин активдерин башкарат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан