Азия өнүктүрүү банкы "Камбар-Ата-1" ГЭСин куруу долбоорун каржылоого катышууга даяр экенин билдирди

Вашингтон шаарында Дүйнөлүк банк тобунун жана Эл аралык валюта фондунун жазгы жолугушууларынын алкагында министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров менен Азия өнүктүрүү банкынын (АӨБ) президенти Масацугу Асакаванын жолугушуусу болуп өттү.

Өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиргендей, жолугушууда Кыргызстан менен АӨБ ортосундагы эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүү маселелери, атап айтканда, АӨБ тарабынан каржыланган учурдагы долбоорлорду ишке ашыруунун жүрүшү талкууланды. Анда АӨБдүн Камбар-Ата-1 ГЭСинин курулуш долбоорун каржылоого катышуусуна өзгөчө көңүл бурулду.

Жапаров АӨБ президентине аталган долбоордун фундаменталдык артыкчылыктарын, сунушталган каржылоо моделин, Борбор Азия өлкөлөрүнүн энергетикалык коопсуздугуна тийгизүүчү потенциалдуу таасирин, ошондой эле бул долбоорду каржылоого катышууга кызыкдар болгон башка маалыматтарды айтып берди.

Өз кезегинде Масацугу Асакава банктын "Камбар-Ата-1" ГЭСин каржылоого катышууга жана региондун энергетика тармагын жана инфраструктурасын туруктуу өнүктүрүүгө салым кошкон долбоорлорду колдоого даяр экенин ырастады.

Мында финансылык колдоонун жана финансылык инструменттердин көлөмү Камбар-Ата-1 ГЭСин куруу долбоорунун финансылык моделинин түзүмүнө жараша болот.

АӨБ президенти банк өтө жеңилдетилген суверендүү кредиттерден тартып катышуучу-өлкөлөргө, жеке секторду насыялоого жана ар кандай кепилдиктерди берүүгө чейинки финансылык инструменттердин кеңири спектрине ээ экендигин белгиледи.

Белгилей кетсек, АӨБ президенти Садыр Жапаровдун чакыруусу менен үстүбүздөгү жылдын ноябрь айында Кыргызстанга келет. Анда АӨБ менен Кыргызстандын ортосундагы кызматташтыктын түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгы, ошондой эле АӨБ тарабынан ишке ашырылып жаткан долбоорлор менен таанышуу жана жогорку деңгээлде эки тараптуу жолугушуулар өткөрүлөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан