Бүгүн, 19-апрелде Астанада президент Садыр Жапаров менен Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевдин расмий жолугушуу аземи өттү. Бул тууралуу президенттин администрациясынан билдиришти.
Ага ылайык, “Акорда” президенттик сарайында Кыргызстан менен Казакстандын мамлекеттик желектери илинип, Ардак кароол тизилип, килем төшөлгөн.
Мамлекет башчылары бири-бири менен учурашкандан кийин өздөрүнүн расмий делегацияларын тааныштырып, Ардак кароолдун ротасынын командиринин рапортун кабыл алышты.
Кыргызстан менен Казакстандын мамлекеттик гимндери жаңырды. Андан ары өлкө лидерлери тизилген катардын алдынан өтүштү.
Биргелешкен сүрөткө түшүү аяктагандан кийин өлкө башчылары чакан форматтагы сүйлөшүү залына өтүштү.