Кыргыз-тажик чек арасы: №42 протоколдун ишке ашуусу талкууланды

Тажикстандын Гулистан шаарында 2022-жылдын 25-сентябрында кабыл алынган №42 протоколду ишке ашыруу боюнча Кыргызстан менен Тажикстандын Чек ара кызматтарынын жумушчу топторунун жолугушуусу өттү. Бул тууралуу бүгүн, 19-апрелде УКМКнын Чек ара кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, жолугушууга Чек ара кызматынын башчысы Уларбек Шаршеев, президенттин Баткен облусундагы өкүлү Абдикарим Алимбаев, ал эми Тажикстан тараптан тажик Чек ара кызматынын башчысы Ражабали Рахмонали, Согди облусунун төрагасы Ражаббой Ахмадзода, ошондой эле эки өлкөнүн аймактык чек ара жана укук коргоо органдарынын жетекчилери катышты.

"Тараптар №42 протоколду ишке ашыруу, кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаалды турукташтыруу жана эки өлкөнүн ортосундагы чек араны биргелешип кайтаруу аракеттери тууралуу талкуулашты. Жолугушуу достук жана өз ара түшүнүшүү маанайында өттү", - деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле эки тараптын чек ара мекемелеринин жумушчу топторунун протоколдорун ишке ашыруу маселеси да талкууланып, тараптар келишимдердин аткарылышын камсыздоо милдеттерин ырасташты. Жолугушуунун жыйынтыгында тиешелүү протоколго кол коюлду.

Белгилей кетсек, №42 протоколго 2022-жылы 25-сентябрда УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев менен Тажикстандын УККнын башчысы Саймумин Ятимов кол койгон. Документте эки өлкөнүн чек ара тилкелеринде жайгашкан үч чек ара посту менен бир чек ара тозотун алуу, ал аймактарды макулдашкан каттамдардын алкагында кайтаруу, чыр-чатактар көп чыккан тилкелерге байкоо камераларын орнотуу камтылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан