Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Камчыбек Жолдошбаев эч жакка чыкпоо тил каты менен камактан бошотулду. Бул тууралуу маалыматты бүгүн, 19-апрелде SUPER.KG порталына Биринчи Май райондук сотунунан ырастады.
Маалыматка ылайык, УКМКнын тергөөчүсү Жолдошбаевдин баш коргоо чарасын өзгөртүү өтүнүчүн келтирген. Сот бүгүн анын өтүнүчүн канааттандырып, экс-депутатты эч жакка чыкпоо тил каты менен камактан бошотту.
Буга чейин атайын кызмат Камчыбек Жолдошбаев мамлекетке келтирген зыяндын ордун толтуруп бергенин билдирген.