Садыр Жапаровдун Казакстанга болгон эки күндүк расмий сапары аяктады

Мамлекет башчы Садыр Жапаровдун 18-19-апрелде Астана шаарына болгон расмий сапары аяктады. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдирди.

Астананын эл аралык аэропортунда Садыр Жапаровду Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев өзү тосуп алды.

Сапардын биринчи күнүндө мамлекет башчылары Астана шаарында эки өлкөнүн искусство чеберлеринин концертине катышты.

Экинчи күнүндө Садыр Жапаров менен Касым-Жомарт Токаев тар жана кеңейтилген курамдардагы сүйлөшүүлөрдү өткөрүштү.

Соода-экономикалык, суу-энергетикалык, транспорттук-чек ара жана маданий-гуманитардык тармактарда кыргыз-казак кызматташтыгын тереңдетүүнүн артыкчылыктуу маселелери талкууланды.

Эки тарап тең союздук мамилелердин жана стратегиялык өнөктөштүктүн духунда бардык багыттар боюнча кызматташтыкты өнүктүрүүгө умтуларын тастыкташты.

Тар курамдагы жолугушуудан кийин президенттер эки өлкөнүн Жогорку мамлекеттер аралык кеңешинин алтынчы жыйынын өткөрүштү.

Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча эки тараптуу өз ара аракеттенүүнүн кеңири спектри боюнча кызматташууну тереңдетүүгө багытталган бир катар документтерге кол коюлду.

Расмий сапардын алкагында Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев президент Садыр Жапаровго І даражадагы "Достык" орденин тапшырды.

Казакстандын президенти Садыр Жапаровдун эки элдин боордоштугун бекемдөөдөгү ролун жогору баалап, Казакстан Кыргызстан менен стратегиялык өнөктөштүктү жана союздаштыкты кеңейтүүгө кызыкдар экенин кошумчалады.

Садыр Жапаров Казакстанга расмий сапарынын алкагында Айкөл Манастын айкелинин ачылыш аземине катышты.

Мамлекет башчысы бул күн кыргыз эли үчүн өзгөчө күн экенин айтып, казак окумуштуусу Чокан Валиханов "Талаа Илиадасы” деп атаган “Манас” эпосун сактоого жана изилдөөгө Казакстан элинин кошкон салымын таануунун маанилүүлүгүн баса белгиледи.

Президент өз сөзүндө эки өлкө ортосундагы мамилелерде жаңы доор башталарына ишенимин билдирди.

Садыр Жапаров ошондой эле Казакстандын космостук ишмердиги чөйрөсүндө тармактар аралык программаларды иштеп чыгуу жана ишке ашыруу менен алектенген “Казакстан гарыш сапары” улуттук компаниясына барды.

Расмий сапарын аяктап, мамлекет башчы 19-апрелде Бишкек шаарына кайтып келди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан