Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов 26-июнга чейин камакта калтырылды. Бул тууралуу бүгүн, 22-апрелде Бишкектин Биринчи Май райондук сотунан билдирди.
Райымбек Матраимовго Кылмыш-жаза кодексинин "эркиндигинен мыйзамсыз ажыратуу" жана "кылмыштуу жол менен алынган кирешелерди мыйзамдаштыруу" беренелери боюнча кылмыш иши козголгон.
27-мартта Биринчи Май райондук сотунда ага Кылмыш-жаза кодексинин “мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү” беренеси менен да айып коюлган.