Сузактагы кырсыктан жабыркаган балдарды министр жана ата-энелери коштоп келди (видео) 

Бүгүн, 3-майда Сузактагы "Манас" айтуу фестивалында жабыркагандардын ичинен 10 бала атайын борт менен Бишкек шаарына жеткирилди.

Буга чейин өлкө башчы Садыр Жапаров оор жаракат алган балдарды Бишкекке алып келүүнү тапшырган. Оор абалдагы балдар туугандарынын көзөмөлү астында Бишкектеги Шаардык медициналык тез жардам балдар клиникалык ооруканасында дарыланат.

Президенттин Жалал-Абаддагы өкүлчүлүгүнөн билдиргендей, балдарды саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев, билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева, президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Максат Сыдыков жана жакындары коштоп келди.

Эске салсак, кечээ, 2-майда Сузак районунда "Манас" айтуу иш-чарасы учурунда окуучуларды Портер коюп кетип, 32 бала жабыркаган. Hyundai Porter'дин ичинде айдоочусу жок болгону, анын ээси унаасын токтотуп койгон жеринен унаа өзү ордунан жылып кеткени айтылган.

Бүгүн, 3-майда кырсыктан жабыркаган балдардан кабар алуу үчүн жерине УКМК башчысы Камчыбек Ташиев, саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев жана билим берүү министри Догдуркүл Кендирбаева барды.

Кырсыктын бардык жагдайларын тактоо үчүн комиссия түзүлдү.

Жандандыруу бөлүмүндө жаткан беш баланын үй-бүлөсүнө президенттин фондунан 200 миң сомдон берилди. Жабыркаган дагы 30 балага 50 миң сомдон бөлүндү.

видео
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан