Сузакта орун алган каргашалуу окуянын бардык жагдайларын тактоо үчүн комиссия түзүлдү. Бул тууралуу президенттин администрациясы кабарлады.
Атайын комиссия өлкө башчысы Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен түзүлүп, курамына министрликтердин, президенттин администрациясынын өкүлдөрү кирген.
"Комиссиянын ишинин жыйынтыгы менен тиешелүү чечимдер кабыл алынат", - деп айтылат маалыматта.
Ошондой эле президенттин иш башкармалыгы мамлекет башчысынын атынан жабыркагандарга финансылык жардам көрсөтүлгөнүн кошумчалады.
Эске салсак, кечээ, 2-майда Сузак районунда "Манас" айтуу иш-чарасы учурунда окуучуларды Портер коюп кетип, 32 бала жабыркаган. Hyundai Porter'дин ичинде айдоочусу жок болгону, анын ээси унаасын токтотуп койгон жеринен унаа өзү ордунан жылып кеткени айтылган.
Бүгүн, 3-майда кырсыктан жабыркаган балдардан кабар алуу үчүн жерине УКМК башчысы Камчыбек Ташиев, саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев жана билим берүү министри Догдуркүл Кендирбаева барды.