Кыргызстандан алтын куймалар чыгарылып жатабы? Атайын кызмат интернетте тараган видеотасма боюнча комментарий берди

Бүгүн, 8-майда УКМК интернетте тарап жаткан алтын куймалар боюнча тартылган видеотасма тууралуу комментарий берди.

Маалыматта видеотасма чагымчыл экени айтылып, аны чет жакта жүргөн, аларга карата мурда оор жана өзгөчө оор кылмыштарды жасагандыгы үчүн кылмыш иши козголгон айрым жарандар тартылганы белгиленген.

"УКМК азыркы учурда деструктивдүү күчтөр социалдык тармактарда жалган маалыматтарды таратууга багытталган максаттуу маалыматтык иштерди жүргүзүп жатканын, анын максаты Кыргыз Республикасында жетекчиликти каралоо жана коомдук саясий терс пикирди жаратуу экенин белгилейт.

Деструктивдүү күчтөрдүн мындай аракеттери республиканын стабилдүүлүгүнө жана прогрессивдүү өнүгүүсүнө потенциалдуу коркунуч туудурат, ошондой эле коомдук-саясий кырдаалдын курчушуна, мамлекеттин коопсуздугуна зыян келтириши мүмкүн", - деп айтылат билдирүүдө.

Атайын кызмат алтын тууралуу жарыяланган маалымат чындыкка дал келбей турганын, интернет колдонуучуларын бул факты боюнча чагымчыл сөздөрдү таратпоого чакырды. Ошондой эле атайылап жалган маалымат тараткандыгы үчүн каралган кылмыш жоопкерчилигин эскертти.

Бул маселе боюнча Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов жана президенттин администрациясынын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Дайырбек Орунбеков да Фейсбуктагы баракчасы аркылуу комментарий берген. Анда алар тараган маалыматтарды "фейк" деп атап, Кумтөрдүн алтыны катуу көзөмөлдө экенин билдиришкен.

Эскерте кетсек, буга чейин интернет желесинде атайын кутуларга салынган алтын куймаларга окшош зат тартылган видео тараган. Анда кыргызча-орусча сүйлөп жаткан киши алтынды чет жактан тосуп алып, кайсы бир адамга отчёт берип жатканын көрүүгө болот.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан