Күйөөсү тарабынан сабалганын айтып чыккан казак дипломатынын жубайы мекенине чакырылды

Күйөөсүн үй-бүлөлүк зомбулукка айыптаган Казакстандын Бириккен Араб Эмираттарындагы (БАЭ) элчисинин кеңешчисинин жубайы аман-эсен мекенине кайтып келди. Бул тууралуу #НеМолчиKZ. фондуна таянып аталган өлкөнүн жергиликтүү басылмалары жазууда.

Казакстандын Тышкы иштер министрлиги Карина Мамаштын өлкөгө учуп келүүсүн уюштуруп, ага балдарын да тапшырды.

Мамаштын апасы колдоо үчүн ыраазычылык билдирип, азыр баары жакшы экенин белгилеген.

"Бирок фонддун кызматкерлери алдыда дагы көп процесс турганын айтышат: Сакен Мамашты системалуу түрдө зордук-зомбулук көрсөткөнү үчүн жоопкерчиликке тартуу жана Каринага балдары менен жашай турган жерди аныктоо зарыл. Ошондой эле ажырашуу, мүлктү бөлүштүрүү жана алимент өндүрүү процедураларынан өтүүгө туура келет", - деп айтылат маалыматта.

Буга чейин Казакстандын БАЭдеги элчисинин кеңешчиси Сакен Мамаштын жубайы Карина Мамаш күйөөсү 10 жылдан бери тынымсыз үй-бүлөлүк зордук-зомбулук көрсөтүп келгенин айтып чыккан.

Андан кийин аталган өлкөнүн Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Айбек Смадияров дипломат Казакстанга чакыртылганын, эми анын иши менен укук коргоо органдары алектенерин билдирген.

Эскерте кетсек, коңшу өлкөдө дагы бир резонанстуу окуя былтыркы жылдын 9-ноябрында катталган. Анда 31 жаштагы Салтанат Нукенованын жансыз денеси Астана шаарындагы "BAU" ресторанында табылган. Анын өлүмүнө шектелип, өлкөнүн мурдагы экономика министри Куандык Бишимбаев кармалган. Ага Казакстандын Кылмыш-жаза кодексинин 110-беренеси (кыйноо), 99-беренеси (өтө мыкаачылык менен адам өлтүрүү) жана 14-беренеси (өтө оор кылмыштын кайталанышы) боюнча айып тагылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан