Биз социалдык тармакта

Акыркы коңгуроо: Чүйдө бүтүрүүчүлөргө түшүндүрүү иштери жүрүүдө

Чүйдүн аймагында Акыркы коңгуроо иш-чарасына байланыштуу 11-класстын бүтүрүүчүлөрүнө жол эрежеси боюнча түшүндүрүү иштери жүрүүдө. Маалыматты облустук ЖКККБдан билдирди.

Билдирүүгө ылайык, мындай иш-чаралар өспүрүмдөрдүн катышуусундагы жол кырсыктарын алдын алуу жана болтурбоо максатында уюштурулган.

Чүй ЖКККБы өспүрүмдөргө унааны башкарууга жол бербөөгө чакырат. Эгер өспүрүм унаа башкарып бара жатканы аныкталган болсо, алардын ата-энеси дагы мыйзам чегинде жоопко тартыларын эскертет.

Эске салсак, өлкөдөгү мектептерде Акыркы коңгуроо салтанаты 25-майда өтөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Azat-123
2024-05-15 16:05:00
портер ордунан жылып кеткенге окшогон кырсыктар эми кайталанбашы керек, акыркы конгуроо бүткөндөн баштап түн киргенге чейин өспүрүмдөргө коюлган тартипти күчөтүү зарыл!
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан