Ысык-Көл районундагы Тамчы айылында
тез жардам пунктунун ачылыш аземинде саламаттыкты сактоо министри
Алымкадыр Бейшеналиев тез жардам унаасынын ачкычын тапшырды. Бул тууралуу министрликтен билдиришти.
Маалыматка ылайык, иш-чара кечээ, 15-майда орун алган.
"Бүгүн биз Тамчы айылдык "Тез жардам" борборуна тез жардам унаасынын ачкычын тапшырып жатабыз. Бул Ысык-Көл облусунун тургундарына тез жардам көрсөтүүнүн жеткиликтүүлүгүн жакшыртуудагы олуттуу кадам болуп саналат", - деди Бейшеналиев.