Бүгүн, 15-майда Ысык-Көл районундагы Тамчы айылында тез медициналык жардам көрсөтүү пунктунун расмий ачылыш аземи болуп өттү.
Иш-чарага саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев, Кувейт Ас-Сафа фондунун негиздөөчүсү шейх Мухаммад Абдурахман Алшая, Саламаттыкты сактоо министрлигинин Медициналык жардам жана дары саясаты бөлүмүнүн башчысы Нургүл Ибраева катышты.
Министрликтин маалыматына караганда, аталган мекеменин курулушу толугу менен «Ас-Сафа Борбору» коомдук кайрымдуулук фонду тарабынан каржыланып, жалпы суммасы 38,5 миллион сомду түздү.
Тез медициналык жардам пункту 2 кабаттан туруп, жалпы аянты 476 чарчы метр. Анда күндүзгү стационар, операция, жандандыруу, дарылоо, стерилизация бөлмөлөрү жана башкалар камтылган. Көчмө рентген аппараты, УЗИ жана башка керектүү медициналык жабдуулар бар. Ошондой эле кызматкерлердин жана бейтаптардын ыңгайлуулугу үчүн лифт орнотулган.