"Адам деп айтууга да ооз барбайт". Депутат Мамашова Сокулукта сабалган наристенин иши боюнча сот өкүмүн сынга алды

Бүгүн, 16-майда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Айсулуу Мамашова Сокулукта эки жашар Егордун сабалышы боюнча маселени кайрадан көтөрдү.

Эл өкүлү айыпталуучунун абактан шарттуу түрдө бошотулганына нааразычылыгын билдирди. Анын айтымында, бала баш мээсинен травма алып, жыныстык органы жабыркаган, ошондой эле дагы көптөгөн жаракаттарды алган.

"Биринчи экспертизанын корутундусунда бул оор жаракат катары бааланган. Анан акыркы чечим чыкканда “Ден соолукка жеңил залал келтирилген” деп жазылыптыр. Ошондон улам адам деп айтууга да ооз барбайт. Бүгүнкү күндө айыпталуучу бошотулган. Жогорку Сот да маалымат жыйынында бул мыйзамдуу экенин билдирди. Ооба, мыйзамда адам зордукталса же кыйноого кабылса дагы айыпталуучуну пробациялык көзөмөлгө алуу мүмкүнчүлүгү бар деп жазылган. Бирок ушундай адам арабызда жүрсө, башка бирөөгө да ошондой мамиле жасашы мүмкүн да", - деди Мамашова.

Ошондой эле ал Башкы прокуратурага кайрылып, иштин материалдарын кайра карап чыгууну өтүндү.

Эске салсак, 2022-жылдын 3-февралында Сокулук аймактык ооруканасына денесинен ар кандай жаракат алган эки жашар наристе түшкөн. Анын ата-энеси кармалган шектүүнүн малын карап иштегени айтылган.

Бул иш боюнча шектүү катары кармалган Александр Самаркин аттуу 35 жаштагы жаранды райондук сот беш жылга эркинен ажыраткан. Бул чечимди облустук сот да күчүндө калтырган болчу.

Кийин 2023-жылдын 13-июнунда Жогорку сот мурда чыккан өкүмдөрдү жокко чыгарып, айыпталуучуну сот залынан бошоткон. Анын жазасы эки жыл пробациялык көзөмөлгө алмаштырылган.
Соттун маалымат кызматы белгилегендей, коллегия иштин жагдайын жана соттолуучунун жеке сапаттарын эске алуу менен ал коомчулуктан оолактатылбай эле оңоло алат деген бүтүмгө келген.

Жогорку Кеңеш 16.05.24.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан