Биз социалдык тармакта

Бишкекте ЖРТга байланыштуу айрым мектептер онлайн окутууга өтөт (тизме)

Бишкек шаардык мэриясы Жалпы республикалык тестирлөөгө байланыштуу борбордун 26 мектеби онлайн окутууга өтөрүн кабарлады.

Ага ылайык, 18-майдан 20-майга чейин Ленин районунун №9, 13, 31, 68, 72, 84, 93, 96 мектептери аралыктан окушат.

22-24-майга чейин Биринчи май районунун №6, 24, 27, 28, 69, 83 мектептери.

Свердлов районунда 18-майдан 20-майга чейин №1, 4, 38, 65, 66, 94 мектептерде, ал эми Октябрь районунда 22-майдан 24-майга чейин №3, 39, 62, 63, 64, 88 мектептерде онлайн окутуу жүргүзүлөт.

Эске салсак, өлкөдө жалпы республикалык тестирлөө эртең, 18-майда башталат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан