ЖРТны өткөрүү датасы айтылды

Өлкөдө жалпы республикалык тестирлөө 18-майда башталат. Билим берүү жана илим министрлиги сынак үч этапта өтөрүн маалымдады.
Ага ылайык, абитуриенттер үчүн жалпы республикалык тестирлөө 18-майдан башталып, 25-июнга чейин өткөрүлөт:
I этап: 18, 19, 20-майда;
II этап: 22, 23, 24-майда;
III этап: жүйөлүү себептер менен тест тапшырбай калган бүтүрүүчүлөр үчүн 21, 22, 23-июнда өтөт.
Белгилей кетсек, 17-май, 21-май, 20-июнда тест борборлорун даярдоо иштери жүргүзүлөт.
Эскерте кетсек, каттоого жетишпей калган бүтүрүүчүлөр үчүн 17, 21-май жана 20-июнь күндөрү тест борборлорунда кошумча каттоо жүргүзүлөт.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан