Бүгүн, 17-майда "Аталар күнүн" белгилөө жөнүндө мыйзам долбоорунун алкагында чыгармачыл интеллигенциянын өкүлдөрүнүн, депутаттардын, журналисттердин жана коомдук активисттердин катышуусунда аталардын коомдогу орду боюнча коомдук талкуу болуп өттү.
Парламенттин басма сөз кызматынан билдиргендей, иш-чаранын жүрүшүндө атанын ролу коомдо маанилүү экендигин таануу менен аталарды урматтоо жана ардактоо салттары кыргыз элинде терең тамыр жайып, балдарды тарбиялоодо жана инсандык социалдык жөндөмдөрдү, дөөлөттөрдү калыптандырууда аталар негизги роль ойногондугу айтылды.
Мындан тышкары ар бир кыргыздын өз жети атасын, өз тегин, улуттун санжырасын билүүсү байыртадан эле кыргыздар үчүн маанилүү болгондугу жана жашоо образында чоң роль ойноп келгендиги баса белгиленди.
Жыйынтыгында катышуучулар "Аталар күнүн" белгилөө жөнүндө мыйзам долбоорун колдоорун билдиришти.
Белгилей кетсек, аталган мыйзам долбоору 13-марттан тартып коомдук талкууга коюлган.