Кыргызстанда Аталар күнүн белгилөө сунушталууда

Жогорку Кеңештин депутаты Медербек Алиев Кыргызстанда Аталар күнүн белгилөөнү сунуштоодо. Мыйзам долбоору парламенттин сайтында 13-марттан тарта коомдук талкууга коюлду.

Ага ылайык, өлкөдө жыл сайын 15-мартты "Атанын күнү" катары белгилөө сунушталууда. Бирок сунушталган Аталар күнү дем алыш күн болуп саналбайт.

Демилгечи депутат мыйзам долбоору коомдун өнүгүшүндө аталардын ролун жана кошкон салымын таанууга, ошондой эле үй-бүлөнү чыңдоого жана үй-бүлөдө эркектин жоопкерчилигин жогорулатууга багытталганын белгилейт.

Ошондой эле ал АКШда аталар күнү 1966-жылы улуттук майрам катары июнь айынын үчүнчү жекшембисине бекитилгенин, ал бара-бара дүйнө боюнча тараганынын жана учурда 30дан ашык өлкөдө белгиленерин кошумчалаган.

"Ар бир өлкөдө Атанын күнүн майрамдоонун өз үрп-адаттары бар. Австралияда Атанын күнүн үй-бүлөнүн чөйрөсүндө белгилешет. Балтика өлкөлөрүндө балдар бакчаларында жана мектептерде балдар аппликациядан буюмдарды жана башка нерселерди жасайт жана өз аталарына жана кала берсе чоң аталарына тартуулайт. Италияда Атанын күнү италиялык эркектердин башкы майрамы болуп саналат. Японияда да белгиленет", - деп жазылат анда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан