Бишкектин 7-апрель жана Огонбаев көчөлөрүнүн кесилишинде жергиликтүү тургундарды сабаган чет элдиктерден өч алуу үчүн 100дөн ашык адам чогулду. Мындай маалымат социалдык тармактарга тарады.
Жерине милиция кызматкерлери, андан кийин СОБР чакырылган. Алар чогулгандарды таркатуу аракетин көрүүдө.
Эске сала кетсек, 13-майда Бишкекте чет элдиктер катышкан массалык мушташ болгон. Окуя чет элдиктер жашаган жатаканалардын биринин короосунда болгон. Алар бир нече жергиликтүү тургундарды сабап салышкан.