Акча чогултууну, аны туура колдонууну ар бир адам каалайт. Бирок дайыма эле биз ойлогондой болбой калат. Жашоодо айрым кезде чыгашалар көбөйүп, финансылык абалды көзөмөлдөн чыгарып жиберген учурлар дагы кездешет. Канткенде акчаны туура, максаттуу колдоно алабыз, финансылык сабаттуулук деген эмне, алдыда бул соболдорго жооп издейбиз. Суроолорубузга Улуттук банктын финансылык сабаттуулук бөлүмүнүн башчысы Кубаныч Мусуралиев жооп берди.
– Кубаныч Иратбекович, саламатсызбы! Алгач эле финансылык сабаттуулук деген эмне деген суроону бергим келип турат.
– Финансылык сабаттуулук – бул адамдын финансылык чечимдерди кабыл алуу жана финансы системасынын ар кандай инструменттерин иш жүзүндө колдонуу үчүн зарыл болгон маалыматты алуу. Келип чыгышы мүмкүн болгон финансылык кесепеттерди кошо билүү, түшүнүү жана баалоо жөндөмдүүлүгү.
Финансылык сабаттуулук 3 компоненттен турат – финансылык билим, финансылык жүрүм-турум жана финансылык мамиле.
– Жакшы, ал эми жеке финансылык сабаттуулукту кантип жогорулатуу керек?
– Жеке финансылык туруктуулукка жетүү, тактап айтканда, акчаңызды эркин башкара билүү үчүн сиз финансылык жактан сабаттуу болушуңуз керек.
Финансылык сабаттуулукту жогорулатууда биздин www.finsabat.kg сайтын колдонсо болот. Бул Кыргызстанда финансылык сабаттуулукту жогорулатууга арналган кыргыз тилиндеги негизги ресурс катары белгиленет. Ал жерде көптөгөн пайдалуу маалымат - макалалар, видеороликтер, тесттер, калькуляторлор жана башка кызыктуу нерселер бар.
– Финансылык жактан сабаттуу адамдын белгилерин санап берсеңиз?
– Биринчиден, финансылык жактан сабаттуу адам киреше-чыгашаны эсепке алат. Акчаны канчага, эмнеге короторун билет. Так каржылык максаттарды коёт, кыска мөөнөттүү жана узак мөөнөттүү финансылык пландарды түзөт. Финансылык жактан сабаттуу адам биринчи кезекте төлөмдөрдү жана насыяларды төлөйт жана андан кийин гана башка чыгымдарды пландаштырат.
Экинчиден, тапкан акчасына жашап, аманаттарын түзөт. Ар бир айлыктын кеминде 10 пайызын калтырып, эч кандай шылтоо менен коротпойт. Бул акча муктаждыктар үчүн эмес, келечектеги активдерге инвестиция салуу үчүн. Жашоодо акча топтоо керек болгон жагдайлар болот (финансылык коопсуздук жаздыгы): жумуштан бошотуу, ооруп калуу жана башка. Бул дайыма эле оңой боло бербейт, бирок топтолгон акчанын жардамы менен сиз андай жагдайдан оңой чыгып кетесиз.
Үчүнчүдөн, мындай адамдын финансылык түшүнүгү бар, демек, ал финансы рынокторундагы кырдаалга көз салып турат, ар кандай финансылык продуктулардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн өзгөчөлүктөрүн түшүнөт (мисалы: насыя, аманат депозити, микронасыя, ипотека). Ал ар кандай сунушталган финансылык шарттарды салыштырып, баасы жана сапаты боюнча өзү үчүн эң жакшы вариантты тандай алат.
Төртүнчүдөн, каржылык жактан сабаттуу адам тобокелдиктерди эске алат. Финансылык институттардын ишенимдүүлүгүн текшерет, камсыздандыруу кызматтарынан пайдаланат, жоготууларды минималдаштыруу максатында инвестицияларды диверсификациялайт жана башка.
Бешинчиден, өзүнүн укуктарын, аларды коргоо жолдорун билет жана колдонот. Эгерде анын укугу бузулган болсо, жардам сурап каякка кайрылууну билет. Мындан тышкары финансылык кызматтар жана инструменттер жөнүндө ишенимдүү маалымат алуу булактарын билет.
– Кыргызстанда финансылык сабаттуулуктун деңгээли кандай?
– Изилдөөлөргө ылайык, Кыргызстандын 18 жаштан өйдө калкынын финансылык сабаттуулук деңгээли КМШ мамлекеттер арасындагы орточо көрсөткүчтөргө ээ. 2021-жылда жүргүзүлгөн изилдөөгө ылайык, максималдуу 21 баллдан 11,6 баллды түзгөн. Ал эми финансылык жүрүм-турум көрсөткүч боюнча биздин мамлекет КМШ мамлекеттер арасында жогорку көрсөткүч менен экинчи орунда турат.
– Өлкөдө финсабаттуулук боюнча изилдөөлөр жүргүзүлүп турабы? Канча убакытта?
– Алгачкы жалпы изилдөө 2017-жылы жүргүзүлгөн. Кийин 2021-жылы өттү. Жакынкы жылдарда дагы пландаштырылып жатат. Буга кошумча ар бир тренинг өтүүгө чейин жана кийин тестирлөө өткөрүлөт.
– Финансылык сабаттуулук боюнча курстарды көзөмөлдөп турасыздарбы?
– Улуттук банк Кыргызстан калкынын финасылык сабаттуулукту жогорулатуу боюнча координатору болуп эсептелинет жана өнөктөштөр менен аймактарда бир күндүк тренингдерди өткөрүп келет. Ал тренингдердин жүрүшүнө мониторинг жүргүзүлөт.
– Финансылык сабаттуулук мектепте сабак катары окутулса деген ойлор айтылып келет. Буга кошуласызбы?
– Финансылык сабаттуулук элементтери “Адам жана коом” предметине киргизилген жана 600дөн ашык мугалимдер даярдалган.
– Улуттук банктын финансылык сабаттуулук бөлүмү кандай жумуштарды аткарат? Аймактарда дагы иш-чаралар өтүп турабы?
– Жыл сайын «Глобалдуу акча жумалыгы» жана «Дүйнөлүк каражат топтоо күнү» маалыматтык билим берүү кампанияларын өткөрүү, аларга мамлекеттик жана эл аралык уюмдар, коммерциялык банктар жана микрофинансылык уюмдар катышат. Бул кампаниялардын алкагында финансылык сабаттуулук боюнча лекциялар, олимпиадалар, тренингдер жана бардык курактагы балдарга, жаштарга жана эрезеге жеткен калкка арналган жана ыңгайлаштырылган башка иш-чаралар өткөрүлөт.
Ушул жылы 2024-жылдын 13-майынан тартып Ысык-Көл, Нарын, Талас жана Чүй облустарынын орто кесиптик окуу жайларынын окуучулары үчүн финансылык сабаттуулук боюнча семинарлар өткөрүлө баштады. Анда окуучуларды өз каражатын туура пайдаланууга үйрөтүп, финансылык продуктулардан жана кызмат көрсөтүүлөрдөн, анын ичинде электрондук кызматтардан пайдалануу жөнүндө маалымат берилет. Ошондой эле алардын инвестициялоо, салык, камсыздандыруу жана финансылык коопсуздук маселелери боюнча финансылык билимин өркүндөтүүгө багытталган.
– Жакшы. Маек үчүн ыраазычылык билдиребиз!