Жаңы шайлоого чейин Ирандын президентинин 50 күндүк милдеттерин биринчи вице-президент Мохаммад Мохбер аткарат. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалымдалгандай, жаңы президенттик шайлоону атайын кеңеш уюштурат.
Белгилей кетсек, кечээ, 19-майда Ирандын президенти Ибрахим Раиси бараткан тик учак өлкөнүн түндүк-батышында кулаган. Бүгүн, 20-майда анын каза болгондугу белгилүү болгон. Ал Азербайжандын президенти Ильхам Алиев менен жолугушкан.