Министрдин орун басары чет өлкөлүк студенттер тууралуу маалымат берди 

Өлкөдөгү чет элдик студенттер бир жумага онлайн окууга өттү. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министринин орун басары Расул Абазбек уулу бүгүн, 20-майдагы маалымат жыйынында билдирди.

"Чет өлкөлүк студенттердин бардыгын дароо онлайн окууга өткөрүп, аларды жашаган жеринен же жатканадан сыртка чыгарбай кармап турууну чечтик. Экинчиси, сыртка чыкпаган студенттерди тиешелүү каражаттар менен камсыздоо. Соцтармактардан дагы деле көрүп жатабыз, жергиликтүү студенттер сырттан келген студенттерге тамак-аш жана башка каражаттарды алып келип камсыздап башташты", - деди ал.

Мындан тышкары ал жатаканадан сырткары жеке батирлерде же хостелдерде жашаган чет өлкөлүк студенттердин коопсуздугу каралганын кошумчалады.

"Жатаканадан сырткары жеке батирлерде же хостелдерде жашаган чет өлкөлүк студенттердин даректери боюнча маалымат ректорлордо жана тиешелүү университеттин структураларында бар. Алар менен чогуу иштешип жер-жерлерде алардын коопсуздугун камсыз кылуу маселесин жолго койгонго аракет жасадык", - деди министрдин орун басары.

Эске салсак, 13-май күнү кечинде Бишкектин чыгыш тарабындагы жатаканалардын биринде жергиликтүү тургундарды чет элдик жарандар сабап жаткандагы видео тараган. Ага байланыштуу 17-майда жатаканадан анча алыс эмес жайгашкан Чүй-Курманжан датка көчөлөрүнүн кесилишине жакын жерде чогулган эл чет элдиктерди жоопко тартууну талап кылышкан. Ал эми Ички иштер министрлиги Бишкекте орун алган окуянын себебин маалымдаган.

Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, 41 жабырлануучу медициналык жардам алууга кайрылган. Учурда алардын арасынан 11 бейтап ооруканада дарыланууда.

20.05.24
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан