"Тамеки барбы?". ИИМ Бишкектеги окуя эмнеден башталганын айтып, кеминдик эки жигитти издеп баштады (хронология)

Ички иштер министрлиги түндө Бишкекте орун алган нааразычылык акциясы жана чыр эмнеден башталганын жарыялады.

Министрликтин билдирүүсүндө кыргыз жигиттери алгач чет элдик студенттерди көчөдө сабап, андан кийин жатаканасына чейин кирип барышкан.

"13-майга караган түнү саат 02:00дө Бишкек шаарынын Чыгыш-5 кичирайонунда жайгашкан пиццериянын жанында азият түспөлүндөгү белгисиз адамдардын тобу чет элдик студенттерди тосуп алып, аларга тийишип тамеки сурап, “эмне үчүн бул жерде тамеки чегип жатасыңар?” деп коркута баштаган. Бирөөсү кол көтөрүп баштаганда, чет өлкөлүк жарандар качып кетишкен.

Чет элдик жарандар качып, Атай Огонбаев көчөсүндө жайгашкан жатаканага жетүүгө үлгүрүшкөн.
Белгисиз адамдардын тобу чет элдик жарандарды артынан кубалап, ал жердеги жатаканага кирип, ал жакта жашаган чет элдик жарандарга карата күч колдонуп, акча каражаттарын жана буюмдарын ачыктан-ачык тартып алышкан.
Алар ар кайсыл бөлмөлөрдүн эшиктерин тээп, кыздар жашаган бөлмөлөргө киргенде жатаканада жашаган чет элдик жарандар чогулуп, келгендерди кетиргенге аракет кылып, ортодо мушташ чыккан.
Мушташ жатакананын короосунда болуп, келгендер бирөөсүн таштап качып кетишкен. Жатаканада жашаган чет элдик жарандар "Тез жардам" чакырып, калып калып таяк жеген жаранды тез жардам унаасы менен ооруканага жөнөтүшкөн.
Ооруканага келгенде ал аты жөнүн башкача атап, окуянын жагдайлары боюнча түшүндүрмө берген эмес. Денесине жаракат алгандыгы боюнча арыз менен кайрылган да эмес. Ал керектүү медициналык жардамды алып, ооруканадан кетип калган", - деп билдиришти ИИМден.
Окуялардын хронологиясы, болгон бардык жагдайлар, белгисиз адамдардын тобу чет өлкөлүк жарандарды кантип куугунтукташканы, жатаканага киришкени жана эки тараптын катышуусу менен болгон мушташ тышкы көзөмөл видеокамерасында жазылып калган.
Жатаканадагы мушташ фактысы боюнча Свердлов РИИБинде Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренеси (Алдын ала макулдашуу боюнча адамдардын тобу менен бейбаштык) менен кылмыш иши козголгон. Бейбаштык боюнча козголгон кылмыш иши боюнча 2000-жылы туулган А. М., 1993-жылы туулган А. М., 2002-жылы туулган А. А., 2003-жылы туулган С. Х. аттуу төрт чет өлкөлүк жаран шектүү катары кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Ал эми тоноочулук фактысы боюнча арыз менен 2004-жылы туулган Э. А. денесинен жаракат алып, 2003-жылы туулган Х.А. 1250 долларын жана Айфон-15 ПроМакс үлгүсүндөгү телефонун алдырып жана 2003-жылы туулган А.М. 1550 долларын, барсеткасын алдырып жибердим деп кайрылышкан.
Тергөөнүн жүрүшүндө жатаканада чет элдик жарандарга кол салган төрт адамдын экөө аныкталды, алар:
1. Мукаев Нурсултан Жолдошбекович 2006-жылкы, Кемин районунун тургуну;
2. Шерматов Тилек Сардарбекович 2005-жылкы, Кемин районунун тургуну.
Учурда милиция жогорудагы эки адамдын турган жерин жана башка адамдардын өздүгүн аныктоо боюнча иш алып барууда.
"17-майда интернетте Бишкек шаарынын Атай Огонбаев көчөсүндөгү жатакананын короосунда массалык уруш болуп жаткан видео тараган. Видеодо окуянын чыныгы жагдайы түшүндүрүлгөн эмес.
Ошол себептен коомчулуктун нааразычылыгын жаратып, жергиликтүү толкундоолорго алып келген. 13-май күнү болгон окуяларга нааразы болгон жаштар, 18-май күнү кечинде, саат 22:00 чамасында, Бишкек шаарынын Курманжан датка көчөсү менен Чүй проспектисинин кесилишине чогула баштап, чогулгандардын саны 500дөн 700гө жеткен.
Чогулгандар Атай Огонбаев көчөсүндөгү жатакананын короосунда мушташуу фактысы боюнча күнөөлүү адамдарга карата укук коргоо органдары тарабынан чара көрүүнү талап кылышкан.
Милиция кызматкерлери тарабынан жеринде түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, андан соң чогулгандар тарап кетишкен", - деп кошумчалашты ИИМден.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан